Коом
Балыкчы — Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат
Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-октябрдан тарта 1 ай аралыгында Балыкчы — Кочкор унаа жолунун 39+90 чакырымдан 42+90 чакырымга чейинки тилкеси маал-маалы менен жабылып турат.
Белгиленгендей, аталган тилке дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дөн 17.30га чейин жабык болот.
Жол курулуп жаткан темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү бургулоо жана жардыруу иштерине байланыштуу жабылат.