КоомКылмыш-кырсык

Балыкчыда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башмармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-октябрда болжол менен саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаев жана Туманов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаасы менен 2011-жылы туулган М.А. аттуу кызды сүзүп, качып кеткен.

Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын 1980-жылы туулган У.А. аттуу айдоочусун кармашкан.

Унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button