Коом

Садыр Жапаров агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө атайын техникаларды тапшыруу аземинде агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

“Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Берилгендикти, чымыркана аракет кылууну, изденүүнү, бекем эркти жана кайрат-күчтү талап кылган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакты-таалай каалайм. Майрамыңыздар кут болсун!”, — деп куттуктады өлкө башчысы.

Ошондой эле президент агрардык өлкө саналган Кыргызстандын айыл чарбасы ар тараптан колдоого алынып жатканын белгиледи.

“Ата мекендик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, анын натыйжалуулугун жогорулатууга, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы технологияларды колдонууга, материалдык-техникалык базаны жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоого, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга биринчи кезекте көңүл буруу зарыл. Биз агрардык өлкө катары Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү менен бирге, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн көптөгөн жетишкендиктерге жетүүсүнө шарт түзүп, алдыга кадам таштай беришибиз абзел”, — деди Садыр Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button