КоомКылмыш-кырсык
Кыргызстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, «Ош» эл аралык аэропортундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы суммасы 800 миң сомду түзгөн тиешелүү документтери жана тастыктамалары жок дары-дармектер аныкталган.
Азыркы учурда продукция тартып алынып, андан ары КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.