КоомКылмыш-кырсык

Чаткалда изделип жаткан алты кишинин бирөөсүнүн сөөгү табылды

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 46 жаштагы кишинин сөгүн таап, учак менен штабга алып келген.
Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Алтоо кар көчкүнүн алдында калганы айтылган. Бүгүн аларды издөөгө ӨКМдин тик учагы тартылган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button