КоомКылмыш-кырсык

Чаткалда дайынсыз жоголгондорду издөөгө кошумча куткаруучулар тартылды

Бүгүн саат 13:00дө Чаткалда дайынсыз жоголгондорду издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт адамдан турган куткаруучу тобу жеткирилди.

Ведомстводон маалымдашкандай, коопсуздукту камсыздоо максатында алар үч адамдан турган звенодо иштеп, ар бирин коргоочу аркандары менен байланыштырып, иш алып барышууда. Жеринде аба ырайын көзөмөлдөө кызматкерлери (Гидромет) кар көчкү түшүү коркунучун баалап, куткаруучулар үчүн коопсуз жайгашуу аймактарын көрсөтүп берүүдө.

Жакын арада дагы эки топ жөнөтүлүп, бардык коопсуздук чараларын сактоо менен калган жарандарды издөө иштерин улантышат.

Белгилей кетсек, аймакта дагы деле кар көчкү түшүү коркунучу өтө жогору бойдон калууда. Куткаруу иштери өтө кооптуу зонада жүргүзүлүүдө.

Тик учак алдын ала эки жолу айланып учуп, коопсуз конуу жерин жана убактылуу лагерь жайгаштырууга ылайыктуу жерлерди аныктады. Азыркы учурда аба ырайы куткаруу иштерине ыңгайлуу болууда.

Эске салсак, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган. Бүгүн издөө иштеринин жүрүшүндө бир жарандын сөөгү табылды. Калган беш адамды издөө иштери улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button