Блогер блокКоом

Аялдардын жетишсиздиги олуттуу болгон 5 өлкө

Сап башында Исландия өлкөсү турат. Бакубат жашаган бактылуу калкы бар гүлдөгөн өлкө. Ал эми ошол өлкөдө аялдардын саны эркектердикинен дээрлик азчылыкты түзөт. Бул нерсе исландиялыктардын келечеги үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат. Көйгөйдөн чыгуунун жолдору мамлекеттик деңгээлде каралып, изделип жатат деп билдиришет. Атүгүл бул жерде жергиликтүү жигитке турмушка чыгуу үчүн Исландияга туруктуу жашоого көчүп барууга макул болгон ар бир чет элдик аял жөлөк пул катары беш миң доллар алат деген кептер бар.

Андан кийинки экинчи катарда Мысыр мамлекети турат. (Египет)

Бул эң жыш Африка өлкөсүнүн тургундарынын 75% эркектер болуп катталган. Бул статистика 25 жашка чейинкилерге түздөн түз тиешелүү, башкача айтканда, ал жакта кыз-келиндер үчүн күрөш катуу жүрүп жатканын ачык эле айтып жүрүшөт. Изилдөөчүлөр мындай абалдын себеби катары гендердик теңсиздик жана аялдарга карата сексуалдык зомбулуктун деңгээли жогору экенин баамдашат. Бул өлкөдө аялдардын 95% жок дегенде бир жолу зомбулукка кабылган фактылар бар. Бой жеткен кыздар, жаш жигиттерди болочок аялсыз калтырып, биринчи мүмкүнчүлүктө эле Мисирден качып кетишери таң калыштуу эмес.

3-орунда Иран турат. Бул өлкө учурда көп нерсеге айыпталууда… Бул жерде өзгөрүүлөр тездик менен өсүүдө десек да болот. Азыркы маалда үч миллиондон ашуун ирандык кыздар биринчи орунга үй-бүлөнү эмес, билим алып, кесип тандоого басым жасашууда. Ошондой эле башка өлкөлөргө массалык түрдө аялдар миграциясы катталууда. Азыркыдай темп менен жүрүп кете берсе, алдыңкы 10 жылда Иран Ислам өлкөсүндө аялдардын жетишсиздиги улутка чоң көйгөй жаратары анык деп болжолдошууда.

Кийинки катарды Кытай өлкөсү толуктайт. Дүйнөдөгү калкы эң жыш жайгашкан өлкөдө эркектер аялдарга караганда 40 миллионго көп экени катталган. Тарыхка таянсак, Кытайда эркек балага караганда кыз баланы көп анчейин жактыра беришчүү эмес. Кош бойлуу кезде, түйүлдүк кыз болсо боюнан алдырып отуруп, мындай көйгөйдү өлкөсүнө өздөрү үйүп алышкан. Маонун заманынан тарта өлкөдө кыз балдардын саны азайгандан азайып отуруп, кийинки убакыттарда, байыраак жигиттери чет элдик кытай аялдарынын арасынан жар издөөгө чыгып келишет, бактыга жараша, кытайлар бүт Азияда жашашат; ошондой эле тайлыктар, малайлыктар, индонезиялыктар, бирмалыктар, вьетнамдыктардын арасында.

Ал эми 5-орунда Индия, анда Кытайды басып өтө турган олуттуу аялдардын жетишсиздиги бар. Албетте, Кама Сутра менен Айшвария Райдын туулган жеринде аялдардын жетишсиздигине ишенүү кыйын, бирок бул кайгылуу чындык. Эркектер аялдардан 37 миллионго көп.

Бул айтылып өткөн өлкөлөр, аялдардын жетишсиздигин түзгөн мамлекеттердин чеги эмес. Төрт аял алып шарият мыйзамы менен жашашкан араб өлкөлөрүндө да бүгүнкү күндө аялдардын азчылыгы айтылып келсе, ал эми аялдарды малдан бийик көрбөгөн Ооган элинде; аялдардын таңкыстыгы күн санап өсүүдө.

Интернеттен алынды

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button