КоомКылмыш-кырсык

Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 адамдын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 19-октябрда таң эрте куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында изделип жаткан 3 адамдын сөөгү саат 10:30да табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери аткарылган.

Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Кар көчкүнүн алдынан табылган адамдардын сөөктөрүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button