Коом

Эртең Бишкекте жылуулук берилет

Бишкекте эртең, 22-октябрдан тарта, жылуулук берилет. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
«Бишкек шаарынын метеорологиялык болжолдоосун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен жылытуу мезгилин 22-октябрдан тарта баштоо чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Жылуулук биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканалары менен мекемелерге жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button