КоомСпорт

Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти болду

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
21-октябрда кезексиз шайлоо конференциясы болуп, ага федерациянын мүчөлөрү, күрөш боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты. Конференциянын жыйынтыгы менен Тыныбекова вице-президенттикке шайланды.
Тыныбекова өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө көмөктөшүп, белгилүү убакыттан кийин спорттук карьерасын уланта турганын айткан.
2014-жылдан бери аталган федерациянын вице-президенти кызматын Динара Исаева аркалап келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button