Коом

Президент Кыргызстандын дипломаттарын ТИМдин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Дипломатиялык кызматтын кымбаттуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Ардактуу меймандар жана дипломаттык корпустун өкүлдөрү!

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын белгилөө салтанатында чогулуп отурабыз.

Бул жөн гана мааракелик иш-чарасы эмес, бул мамлекеттүүлүгүбүздүн кызыкчылыгын ар дайым коргоп келген кыргыз дипломатиялык кызматынын тарыхынын маанилүү бөлүгү!

Кыргыз дипломатиясынын тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен бирге тээ байыркы доорлордон бери келатат. Ошол мезгилдерде эле биз өзүнчө эл катары коңшу уруулар менен гана эмес, улуу империялар менен да мамиле түзүп, аскердик-саясий бирликтерди куруп, башка мамлекеттер менен келишимдерди түзгөнбүз.

Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки 10-кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган мааалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекеттери бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен.

Кыргыз дипломатиясы ошол элибиздин кылымдарды карыткан көөнө тарыхынын, даанышмандыгынын негизинде түптөлүп, өнүккөнүн баса белгилейм.

Мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаралган кырдаалдарда да кыргыз эли улуттук баалуулуктарынын негизинде дипломатиялык ыкмаларды билгичтик менен пайдаланып, эркиндиги менен эгемендигин, ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сактап келгендигине тарыхый мисалдар арбын.

Алысты көрө билген ата-бабаларыбыз дипломатияда бүгүнкү күндө да кеңири пайдаланылып келаткан, союз же коалиция түзүү, компромиске келип сүйлөшүү, коңшулар менен тынчтыкта жашоо, ийкемдүүлүк, эки жакка тең пайдалуу өнүгүү сыяктуу ар кандай ыкмаларды колдонушканын жакшы билебиз. Муну дүйнөлүк маданияттагы орду бар улуу чыгармалардын бири “Манас” эпосубуздагы элибиздин айкөлдүгү, баатырдыгы менен катар дипломатиялык көз караштары чечүүчү роль ойногон окуялардан көрүүгө болот.

Учурдагы ургаалдуу геосаясий процесстердин таасири астында дүйнө ар кандай тарыхый сыноолорго дуушар болуп жаткан кезде бабаларыбыздан калган баалуу тажрыйбалар абдан маанилүү.

Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада тынчтыкты сүйгөн ата-бабаларыбыздын жолун улантуучу катары Кыргызстан башка мамлекеттер менен тынчтыкта жашоо принциптерине негизделген эл аралык укукту так сактоону ар дайым жактап келгендигин жана мындан ары да жактай берерин баса белгилеп айта кетейин.

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Азыркы кыргыз дипломатиясы өнүгүү жолунда бир топ кыйынчылыктар менен кошо байсалдуу жолдорду да басып өттү. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында антигитлердик коалиция фашисттик Германияны жеңе турганы белгилүү болгондо Бириккен Улуттар Уюмун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр күчөй баштайт. Мындай ыкчам иш-аракеттердин алкагында СССРдин бардык республикаларында Тышкы иштер боюнча элдик комиссариаттар түзүлгөн. 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши Кыргыз ССРинин Тышкы иштер боюнча элдик комиссариатын түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Мына ушул жылдан тарта азыркы кыргыз дипломатиясы башат алган десек болот. Ошентип Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин түзүлүшү республикабыздын дипломатиялык кызматынын маанилүү тарыхый этабы болуп калды.

Кезинде өз алдынча министрликтин штаттык түзүмү өтө чакан болгондугуна карабастан, республикабыздын эл аралык аброюн бекемдөөгө, чет мамлекеттер менен достук байланыштарды жандандырууга, болочок дипломатиялык кадрларды даярдоодо чоң роль ойногон. Алардын айрымдары кийин СССРдин атынан чет өлкөлөрдө ийгиликтүү өкүл болуп келишкен болсо, эгемендүүлүккө жеткенден кийин Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөөгө зор салымдарын кошушкан. Ошол мезгилдерде америкалык белгилүү ишмерлер Роберт Кеннеди менен Уильям Дугластын, Ирандын Шахиншахы Мухаммад Реза Пехлевинин, Вьетнамдын Президенти Хо Ши Миндин, Финляндиянын Президенти Урхо Калев Кекконендин, Индиянын Премьер-министри Раджив Гандинин, Монголиянын парламентарийлеринин сапарлары республикабыз үчүн тарыхый окуяга айланган.

Кыргызстандын заманбап дипломатиясынын башатында Казы Дыйканбаев, Шамшы Таянов, Закон Турдукулов, Күлүйпа Кондучалова, Сакен Бегматова, Жамал Ташыбекова, Роза Отунбаева, Жаңыл Түмөнбаева, Ишенбай Абдразаков, Чыңгыз Айтматов, Муратбек Иманалиев, Жумакадыр Атабеков, Алмасбек Тилебалиев, Сагыналы Эшалиев өңдүү белгилүү дипломаттар турган.

Дипломатиялык кызматтын өнүгүшүнүн кийинки этабы Кыргызстандын эгемендикке ээ болушу менен уланды. 1990-жылы декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынып, эл аралык укук менен элдердин ортосундагы достук принциптерин таануу аркылуу бекемделген.

Кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түздү. Ошондой эле өлкөбүз 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндө. Ушу тапта дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү иштейт, Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчиликтер жана эл аралык уюмдар бар.

Бүгүнкү мааракелик иш-чарада мен дипломатиялык кызматтын ардагерлерине, мынакей алардын көбү бүгүн ушул залда отурушат, терең ыраазычылыгымды билдире кетейин. Биз сиздердин мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымыңыздарды жогору баалайбыз. Сиздердин акыл-билимиңиздер менен бай тажрыйбаңыздар, жигердүү ишмердигиңиздер жаш дипломаттарга шык-дем берет. Бар болуңуздар!

“Эки эл достошмоюн, эки тоо жакындабайт” деген элибиздин накыл кебиндегидей, Кыргызстан улам барган сайын чет мамлекеттер менен болгон эл аралык алакаларын арттырууда. Азыркы кезде дипломаттарыбыз эл аралык мамилелерди бекем сактап гана тим болбостон, өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатышат десек жаңылышпайбыз. Сиздер курган достук көпүрөлөрү, башка мамлекеттер менен өз ара сый-урмат, ишеним жана өнөктөштүк Кыргызстандын эл аралык айдыңда тынчтыкты жактаган мамлекет катары таанылышына жана биргелешип өнүгүүгө умтулуусуна негиз болуп калды.

Урматтуу мекендештер!

Жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Кыргызстандын экономикасында туруктуу өсүүнү көрүп жатасыздар: акыркы үч жылда ички дүң продукциясынын (ИДП) көрсөткүчү 7%дан кем эмес; бюджет эки эсеге көбөйүп, 2023-жылы 577,2 миллиард сомго жетип, 2024-жылдын акырына карата болжол менен 650 миллиарддан ашат деп турабыз. Өлкө дымактуу түрдө ИДПны 2030-жылга чейин 30 миллиард АКШ долларына жеткирүүнү максат кылуудабыз.

Бизнес климатын жакшыртуу боюнча чаралар ишке ашырылып, негизги инфратүзүмдүк долбоорлорго чет элдик инвестициялар тартылып, жаңы жумуш орундары түзүлүп, маалыматтык технологиялар жана финансы секторунда өсүш байкалууда.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргызстан боюнча 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ишке кирди. Мына ушул жеке секторлор улуттук экономиканын кыймылдаткычы болуп, экономикабызды диверсификациялоого жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошууга тийиш.

Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлиги эл аралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө координациялоочу ролду аткарып, мамлекетибиздин эл аралык саясатын ишке ашырууда биримдикти камсыздап жатканы абдан маанилүү.

Ошону менен бирге өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоодо алдыңкы катарда болуп келген дипломаттарыбыздын өжөр жана күжүрмөн эмгегинин натыйжасы туруктуу өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Бардык кыйынчылыктарга жана чакырыктарга карабастан, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы мындан ары да кызматташуунун жаңы барактарын ачып, өлкөбүздүн эл аралык беделин чыңдоо менен талыкпай иштей берет деп ишенем.

Дүйнөнү дүрбөлүңгө салган COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине, ошол оор мезгилде Кыргызстанга колдоо көрсөткөн чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине да өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Урматтуу дипломаттык корпустун өкүлдөрү!

Биздин алдыбызда тышкы саясат жана экономика жаатында олуттуу милдеттер турат.

  • Көп векторлуу тышкы саясат Кыргызстандын өзгөрүүсүз принциби бойдон калмакчы. Мындай шартта өлкөбүздүн тышкы саясий ишмердигинде борбордук орунду стратегиялык өнөктөштөр, Борбор Азиядагы жана Евразиядагы коңшу мамлекеттер ээлейт. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдаш үчүн чек ара маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү, мусулман дүйнөсү менен мамилелерди өнүктүрөбүз, ошондой эле Африка, Латын Америкасы жана Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташууну уланта беребиз.
  • БУУнун алкагында саясий диалогго жана кызматташууга өзгөчө көңүл буруудабыз.
  • Кыргызстан Климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөштө күч-аракетин арттырып, климат жана тоо жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырат;
  • Биздин тышкы саясий ишмердүүлүгүбүздүн маанилүү багыты – өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана анын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү болушу керек.
  • Экономикалык дипломатия жана инвестицияларды тартуу — өлкөбүздүн чет өлкөлөр менен болгон экономикалык мамилелеринин негизги милдеттеринен болуп саналат. Чет өлкөлөр менен түзүлгөн экономикалык мекемелер өлкөбүздүн кадыр-баркын арттырууда жана экономиканын стратегиялык тармактарына чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартууга көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойнойт.
  • Акыркы жылдары биз бир нече чет өлкөлөргө мекемелерибизди ачтык. Чет өлкөлөрдөгү мындай дипломаттык байланыштарыбызды кеңейтүү иштери келечекте дагы улантыла берет.
  • Чет жерлердеги жарандарыбыз менен юридикалык жактарыбыздын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Чет жердеги мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болуп, аларга керектүү колдоолорду көрсөтүү маанилүү.

Урматтуу дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, учурдан пайдаланып, сиздерди алдыдагы Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен куттуктайм! Бул күн тынчтык үчүн, кызматташтык үчүн биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн ар дайым эске салып турат. Биз глобалдык чакырыктарга каршы көп тараптуу мамилени колдойбуз, дүйнөнүн адилеттүү жана туруктуу өнүгүшүнө салым кошууга даярбыз.

Ал эми биздин ардактуу дипломаттар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы, ошондой эле келе жаткан Дипломатиялык кызматкерлердин күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Биз дипломаттык кызматкерлерди ар тараптан колдоого, жогорку квалификациялуу, дүйнөлүк тилдерди билген кесипкөй адистерди өстүрүүгө бар аракетибизди жумшайбыз. Себеби кесипкөй дипломат – улуттук кызыкчылыктарыбызды эл аралык айдыңда ийгиликтүү коргоонун жана алдыга жылдыруунун бирден бир ачкычы болуп саналат.

Кыргызстандын тышкы саясий артыкчылыктарын дүйнөлүк аренада алдыга жылдыруудагы ишиңиздерге түгөнгүс күч-кубат каалайм.

Сиздердин ар бир аракетиңиздер кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө жана дүйнө жүзүндө тынчтыктын чыңдалышына салым болсун!

Майрамыңыздар кут болсун!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button