ДүйнөКоом

Суданда атып түшүрүлгөн учак боюнча «Манас» аэропорту үн катты

Суданда атып түшүрүлгөн жүк ташуучу учак Кыргызстанда катталган New Way Cargo Airlines авиакомпаниясына таандык экенин «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.
Аба кемеси 2024-жылы эмираттык компаниядан сатып алынган.
Эске салсак, Суданда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы атып түшүрүлгөн. Учак БАЭден Чаддын Судан менен чектеш Амджарас шаарына учуп бара жаткан. Кырсыктан учактагы беш киши каза болгон. Көз жумгандардын арасында FZC Airline Transport Incorporation компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов да бар, анын документтеринен Бишкек аэропортунун таркеткасы (пластикалык рейс талону) табылган.
«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы авиакырсыктан кийин табылган Виктор Грановдун наамына жазылган документтер ага Бишкектен Ошко учакты жеткирүү үчүн май айында берилгенин билдирди.
«Виктор Гранов Россиянын жараны болгон жана 2024-жылдын май айында «Манас» аэропортунан Ош эл аралык аэропортуна АН-12 учагын жеткирүү үчүн чакырылган. Бирок ишине байланыштуу бошобой калгандыктан келген эмес. Таркетка ага май айында пландалган ишке байланыштуу берилген. Мындай карталарды «Манас» ААК өзүнүн кызматкерлерине гана эмес, аэропорт менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташкан бардык компанияларга берет. Андыктан адамдар өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткаруу үчүн аэропорттун терминалына жана перронуна тоскоолдуксуз кире алышат», — дешти аэропорттон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button