Коом

Нурланбек Шакиев дипломаттарды куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата дипломаттарды куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Ардактуу Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамааты!

Кымбаттуу дипломаттар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!

80 жыл мурун түптөлгөн министрлик СССР маалында өз алдынча тышкы саясатты жүргүзө албаса да, кыргыз дипломаттары ошол кездеги көп улуттуу Совет мамлекетинин тышкы байланышын чыңдоого зор салымын кошушкан. Алар СССРдин өкүлү катары Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштөө менен өзүнүн тажрыйбасын, билимин жана жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп, түрдүү кырдаалдарда ири мамлекеттин кызыкчылыгын ийгиликтүү коргошкон. Ошол убактагы өлкө жетекчилери кыргыз элчилеринин ишмердүүлүгүнө жогорку баасын берип, чыгаан дипломаттарыбызга зор ишеним артышкан. Казы Дикамбаев, Закон Турдукулов, Талгарбек Сарбанов, Сакин Бегматова, Күлүйпа Кондучалова өңдүү залкар дипломаттарыбыз салып кеткен чыйыр жол ийгиликтүү уланып, Чыңгыз Айтматов, Ишенбай Абдыразаков, Кеңеш Кулматов, Жумакадыр Атабеков, Марат Саралинов, Нургазы Кемелбаев, Муратбек Иманалиев өңдүү мекендештерибиз СССРдин атынан чет өлкөлөрдө жогорку элчилик кызматтарды аркалашкан. Билим менен тажрыйбаны айкалыштырып, кыргыз дипломаттарынын бүтүндөй бир мектебин түптөшкөн. Мына ошол залкар дипломаттарыбыз эгемендүүлүк алгандан кийин да жаш мамлекеттин атынан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышып, аймактык жана дүйнөлүк алкакта Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргошкон. Эл аралык уюмдарды жетектеп, түрдүү жаңжалдарды басууга жардам берүүдө биздин элчилер жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Ардактуу мекендештер!

Азыр да уучубуз куру эмес. Тышкы иштер министрлигибиз эгемен элибиздин эл аралык алакасын арттырып, мамлекеттер ортосунда достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барып келет. Дипломаттарыбыздын аракети менен маанилүү келишимдерге кол коюлуп, мамлекеттер аралык ири социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Албетте бул чек эмес. Азыркы ааламдашкан доор Тышкы иштер министрлигине жаңы милдеттерди жүктөп, дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар, ар кандай чакырыктар дипломаттарыбыздын жоопкерчилигин дагы жогорулатууда. Бирок кыргыздын даанышман дипломаттары биримдик менен достукка данакер болуп, чет мамлекеттер менен болгон кызматташтыгыбыз барандуу өнүгө берет деген ишеничтемин!

Ардактуу Тышкы иштер министрлигинин ардагерлери жана кесипкөй адистери!

Кыргыз элинде сөзүнө бекем, билими терең, эки элге көпүрө болчу сиздердей даанышман инсандарга элчилик милдет жүктөлүп, аларга чоң ишеним артылган. Андыктан, ары татаал, ары сыймыктуу ишиңиздерди жоопкерчилик менен аркалап, мындан ары да тышкы саясатыбызды ийгиликтүү жүргүзө бериңиздер!

Дагы бир жолу маарекеңиздер менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм!

Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак болсун!»

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button