Коом

Кыргызстанда жарандар кайсы лабораториялык изилдөөлөрдөн акысыз өтө алат?

Кыргызстандын бардык жарандары үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз лабораториялык изилдөөлөрдү алууга укуктуу. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертет.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Үй-бүлөлүк медицина борборунда катталуусу жана үй-бүлөлүк дарыгерден лабораториялык анализ жүргүзүүгө жолдомосу бар Кыргызстандын ар бир жараны базалык лабораториялык изилдөөлөрдөн акысыз өтө алат. Бул тизмеге лабораториялык анализдердин 12 түрү, анын ичинде кан, заара анализдери жана башкалар кирет. Бул кызматтар шаардык, облустук жана райондук медициналык мекемелерде көрсөтүлөт.

Эгерде жаран камсыздандырылган болсо, ага кошумча лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөрдүн 40 түрү, ошондой эле рентгенография жана УЗИге 50% арзандатуу берилет.

Бул укуктан пайдалануу үчүн жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлерине кайрылса болот. Текшерүүдөн жана консультациядан кийин дарыгер лабораторияга жолдомо жазып берет. Адистер керектүү анализдерди өткөрүп, жыйынтыгы дарыгерлерге мүмкүн болгон ооруларды өз убагында аныктоого жана дарылоону алгачкы этапта баштоого жардам берет.

ММК фонду бардык жарандарга, өзгөчө суук тийүү мезгилинде жана вирустук инфекциялар көбөйүп жаткан мезгилде медициналык текшерүүдөн өтүү укугун активдүү пайдаланууну сунуштайт. Лабораториялык анализдерди үзгүлтүксүз жүргүзүү ден соолуктун абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, бул өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзгөчө маанилүү.

Жеткиликтүү кызматтардын тизмеси жана шарттары жөнүндө толук маалыматты ММК фондунун 113 ишеним телефонуна күнү-түнү чалып, маалымат алууга болот. Бардык операторлордон чалуулар акысыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button