Коом

Эми айлык акы банк эсептерге гана которулат

Салык кызматы 1-октябрдан тарта юридикалык жактар кызматкерлерине эмгек акыны накталай түрдө эмес, банк эсептери аркылуу төлөөгө милдеттүү экенин эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы 22-октябрда билдиргендей, мындай талап Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен байланыштуу.

Бул талап өзгөчө абал же кырдаал жарыяланганда жана Министрлер кабинети чечим кабыл алган учурда гана аткарылбайт.

Өкмөт ишмердиктин айрым түрлөрүнө жана өлкөнүн айрым аймактарына эмгек акыны накталай түрдө төлөөгө уруксат бере алат.

“Мындан сырткары, иш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин түзүүгө жана маалыматтарды жаңыртып турууга милдеттүү”, — деп жазылган маалыматта.

Салыктык талаптарды бузган учурда жеке жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң 500 сом айып салынат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button