КоомСпорт

Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясы ачылды

Бүгүн капиталдык реконструкциядан кийин мурунку Kыргыз футбол биримдигинин футбол борбору Улуттук футбол академиясы аталышы менен эшигин ачты.

Биримдиктен билдиришкендей, жаңыланган футболдук инфратүзүмдүк объектинин ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев жана Азия футбол конфедерациясынын башчысы шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа катышып, академиянын лентасын кесишти.

Академия 3374 гектар аянтты ээлеп, спорттук машыгуу жана жаш оюнчуларды өнүктүрүү үчүн заманбап шарттарды камсыз кылган бир нече негизги объекттерден турат.

Академиянын аймагында мейманкана комплекси, спорт комплекси, чечинүүчү бөлмөлөр, ашкана, үч толук көлөмдүү машыгуу аянтчалары, трибуналык бөлмөлөрү бар трибуналар жана 7+1 оюну үчүн бир аянтча курулган. Бардык оюн талаалар автоматтык сугат системасы менен жабдылган жана кечки оюндар үчүн атайын заманбап жарыктар орнотулган.

Футзал залын камтыган үч кабаттуу спорт комплексинде футзал боюнча улуттук курама командалардын беттештерин өткөрүүгө болот. Комплексте кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, спорт залы, медициналык бөлмөлөр жана калыстар бөлмөлөрү бар.

Башкы оюн талаасынын трибунасы 1000 орундуу жана трибуналык бөлмөлөр бар. Трибуна алдындагы бөлмөлөрүндө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, машыктыруучу үчүн жана оператарлор үчүн бөлмөлөр орун алган.

Мейманкана комплекси бир убакта 100 адамды кабыл ала алат. KФБ Футбол Академиясы жаш оюнчуларды системалуу түрдө тандап, атаандаштыкка жөндөмдүү спортчуларга окутууну көздөйт. Учурда Академияда футбол жана футзал командалары окуу-машыгуу убактысында жайгашышат. Ал эми келечекте академия өз катарын жаш жана таланттуу футболчулар менен толуктайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button