КоомСпорт

Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болду 

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште албаниялык балбаны Даниель Дажанини 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Фарид Халиловду 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште япониянын балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште польшалык Арсланбек Салимовду утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону аталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button