Коом
Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат
Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды.
“Автобустар кондиционер жана майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган”, — деп кошумчалады ал.
Вице-мэр белгилегендей, жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт.
“Бүгүнкү күндө борбордо 1 миң 376 автобус бар. Күн сайын линияга 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус чыгууда. Дагы кошумча автобустар алынып келип, региондорго берилген троллейбус каттамдарынын ордуна чыгат, — деп белгиледи Ырсалиев.