Коом

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева: Акыркы учурда аялдар теңсиздикке жана зордук-зомбулукка көп кабылышууда

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Алматы шаарында өткөн Борбор Азия аялдарынын Be Woman аталышындагы форумунда сөз сүйлөп, анда аялдардын лидерлиги, гендердик зомбулук жана дискриминация, ишкердиктин заманбап тенденциялары жана аймактык коммуникация маселелери талкууланды.

Жамиля Жаманбаева форумда “Аялдар жана мамлекет: стратегиялар жана өз ара аракеттенүү” темасында Кыргызстанда гендердик теңчиликти мамлекеттик деңгээлде алга жылдыруу тууралуу айтып берди.

Жаманбаева белгилегендей, Кыргызстанда Аялдардын статусу боюнча 30 жыл аралыгында бир топ олуттуу кадамдар жасалды.

Ал белгилегендей, шайлоолордо аялдарга квоталардын киргизилиши жана башка мыйзамдык демилгелер кыргызстандык аялдардын мамлекетттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун кыйла жогорулатты.

2022-жылы Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында Улуттук стратегия кабыл алынган. Ушул жылы лидер аялдарды колдоо максатында 2030-жылга чейин Мамлекеттик программа да кабыл алынды.

“Бул документтер аялдардын коомдогу ролун жана мамлекетти башкаруудагы ордун жогорулатат. Жумуш ордунда зордук-зомбулукту жана куугунтуктоону жоюуга багытталган №190 Конвенциянын ратификацияланышын өзгөчө белгилөөгө болот”, – деди Акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө лидер аялдар социалдык-экономикалык өсүшкө салым кошуп, жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүнө жакшы таасир берип жатканын белгиледи.

Жаманбаева саясатта аялдардын өкүлчүлүгү көп болгон өлкөлөрдө социалдык көйгөйлөргө жана аялдар менен балдардын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

«Лидер аялдар уникалдуу башкаруу стилин алып келишет. Алар стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алып, логиканы чыгармачылык менен айкалыштырып, команда менен иштөөдө жана татаал сүйлөшүүлөрдө эмоционалдык интеллектти колдоно алышат. Аялдар шыктандырууну, команданы бириктирүүнү жана аны жалпы максаттарга жетүү үчүн ийгиликтүү алып барууну билишет”, – дейт Жаманбаева.

Бирок көрүлгөн чараларга карабастан, аялдар теңсиздикке жана зордук-зомбулукка кабылышууда.

Акыйкатчы жумушта жана күнүмдүк турмушта басмырлоого дуушар болуп жаткан аялдарга тилектештигин жана колдоосун билдирди.

«Мен да күн сайын дискриминацияга туш болом. Көбүнчө, жолдо рулда бара жаткан учурда. Мен өзүм жаш кезимден унаа айдап, ушул күнгө чейин, эркектердин басмырлоосуна кабылып келем», – деди ал.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды, саясатчыларды жана активисттерди аялдардын абалын жакшыртуу боюнча биргеликте күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

«Биздин милдет – ар бир аял өзүнүн дараметин ишке ашыра ала тургандай кылып шарттарды түзүү. Аялдардын лидерлиги мүмкүнчүлүк гана эмес, кайра куруунун реалдуу күчү болуп калууга тийиш. Биз аялдар бири-бирибизди шыктандырып, колдой алабыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз аялдардын лидерлигин илгерилетүү, тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр кепилденген коомду курууда олуттуу ийгиликтерге жетише алабыз деп ишенем», – деди Жамиля Жаманбаева.

Иш-чарага 8 өлкөдөн 35тен ашык спикер жана Борбор Азиядан 350 аял катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button