Коом

Кыргызстанда башаламан соода-сатык кылгандарга 600 миң сомдон ашык айып салынды

Өлкөдө башаламан соода-сатык кылгандарга 600 миң сомдон ашык айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол жээгиндеги кыймылга тоскоолдук жараткандарга карата рейд жүрдү.

Мындай текшерүү 14-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, анда мөмө-жемиштер, курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана суусундуктар жолдун жээгинде мыйзамсыз сатылган учурлар аныкталды.

Анын алкагында башаламан соода-сатык кылган жарандарга 209 протокол түзүлүп, жалпысынан 627 миң сом айып пул салынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button