Коом

Жогорку Кеңештин депутаттары спорт чеберлерин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана депутат Ырысбек Атажанов оор атлетика жана таяк тартуу боюнча спорт чеберлерин кабыл алышты.

Парламенттен билдиришкендей, депутаттар өлкө желегин эл аралык ареналарды бийик көтөрүп, Кыргызстанды таанытып келе жаткан спортчуларга ийгиликтерди каалап, АКШда өткөн таяк тартыш боюнча мелдештеги жеңиши менен куттуктады. Ошондой эле аларга Жогорку Кеңештин төрагасынын Ыраазычылык катын тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-13-октябрь күндөрү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн таяк тартыш боюнча «Олимпия 2024» мелдешинде кыргызстандык спортчулар беш алтын жана бир коло медаль уткан.

Белгилей кетсек Акылбек Урунбаев оор отлет спорту боюнча спорт чебери, Кыргызстандын жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал эми Улукбек Ырысбаев таяк тартыш боюнча эл аралык денгээлдеги спорт чебери Кыргызстандын үч, Азиянын үч жолку чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло жана күмүш медалынын ээси.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button