Коом

Улан Ниязбеков: Өлкө башчысы Ички иштер министрлигине жогорку ишеним көрсөтүп, “Коопсуз шаар” тутумун өткөрүп берди

Бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өтүп жатат. Ага ИИМ жетекчилигинен сырткары, ички иштер органдарынын башчылары дагы катышууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Коллегиялык отурумдун жүрүшүндө Улан Ниязбеков өлкө башчысы Ички иштер министрлигине жогорку ишеним көрсөтүп, “Коопсуз шаар” тутумун өткөрүп бергенин, бул багытта алдыга коюлган тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруу керектигин белгилеп өттү.

“Урматтуу жетекчилер, дагы бир жолу эскертем, жүктөлгөн милдеттерди так жана туура аткарыңыздар. Биздин максатыбыз, элибизге коркунуч жараткан факторлорду, келечек муунга терс кесепетин тийгизген көрүнүштөрдү, коомубузга зыян алып келген кылмыштарды болтурбай, алардын өөрчүп кетүүсүн токтотуп, керек болсо түп-тамырынан бери жоюшубуз керек. Кылмыштардын бетинин ачылуусуна гана басым жасап, ошону менен чектелбестен, кылмышы жок коомду түптөшүбүз зарыл.
Коомубузда кылмыштар болбосун, карапайым адамдар жапа чекпесин, кырсыктардан жабыркабасын, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп турса, эл аралык ири инвесторлор келип, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлөт деген аруу тилек менен аталган долбоорду жайылтууга мүмкүндүк берди деп билишибиз керек”, – деди ИИМ башчысы.
Ошондой эле, ал “Коопсуз шаар” долбоорун “Коопсуз өлкө” баскычына өткөрүү зарылдыгын билдирип, бул принципиалдуу маселе экендигин, буга үстүртөн мамиле жасоого жол берилбей турганын билдирди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button