Коом

Аламүдүн району боюнча медреселерге мониторинг жүрүүдө

Аламүдүн районунун аймагындагы интернат тибиндеги балдар мекемелерине жана диний окуу жайларынын (медреселердин) ишмердүүлүгүнө түзүлгөн мекемелер аралык түзүлгөн комиссиянын катышуусунда медреселердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторинг Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Чүй облусу боюнча өкүлдүн, Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкери, укук коргоо органдардын өкүлдөрү, архитектура, мамкаттоо, эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондун башкы имам-хатиби, аялдар комитетинин, МСЭКтин кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Жолугушууда медресенин окуучуларына бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасоону, диний окуу жайдын талаптарын так сактоо боюнча эскертүү берилип, эгерде окуучулар арасында түшүнбөстүк болсо мугалимдерге, ата-энелерине жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына кайрылууга укуктары бар экендиги айтылды.
Жыйынтыгы боюнча беш медресеге ар кандай багыттагы кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди.
Мындан ары да райондук администрациясы менен биргеликте диний окуу жайлардын абалын көзөмөлгө алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү макулдашылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button