Коом
Каныбек Туманбаев: Сокулук менен Кантта ипотекалык үйлөр курула баштайт
Ноябрь айында Сокулук менен Кантта ипотекага үйлөр курула баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык түйүндөрдө түз эфирде билдирди.
Каныбек Туманбаев ошондой эле жакында эле Баткен облусунда курулуш иштери башталганын эске салды.
«Учурда Талас, Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында да курулуш иштери жүрүп жатат», – деди ал.