
Коом
Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунан оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду. Бул тууралуу 28-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мекемеден маалымдашкандай, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө Таластагы Өтмөк ашуусуна да чектөө коюлган. Буга аба ырайынын кескин начарлашы себеп болгон.
Учурда ашуудагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.
Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырууда.