КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Имамидин Ташов өзүнө атайы кол салган

УКМК И.Ташовдун жактоочусу тараткан маалыматка байланыштуу, И.Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өзүнө атайылап ден соолугуна залал келтиргенин билдирет.

Ошону менен бирге, УКМК үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында саат 9:00дө КР УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан пландуу кыдыруу учурунда И.Ташовдун курсагынан эки бычак сайылган жара табылганын жана тез жардам келгенге чейин УКМКнын тергөө абагынын медициналык кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн белгилейт. Тез жардам келгенден кийин И.Ташовду 4-шаардык ооруканага алып баруу чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган.
И.Ташовдун камералашынын айтымында, анын жанында бир жолу колдонулуучу устара сакталып, анын кесепетинен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган.
И.Ташов 4-шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда КР УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгын айтып даттанган. Бирок бул факт чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР УКМК тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат.
Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Деген менен И.Ташов КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен И.Ташов КР Юстиция министрлигине караштуу № 21 тергөө абагына киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button