КоомКылмыш-кырсык

Нурлан Мотуев кармалып, камакка алынды

 Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.
«16-октябрь күнү соцтармакты мониторингдөө учурунда nurlan_motuev_official деген колдонуучу улуттук азчылыктарга карата терс ой-пикирин билдирген видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал бир улуттун өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган», — деп жазылат маалыматта.
Экспертиза жүргүзүлгөн материалдарда улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылганы айтылды.
55 жаштагы блогер кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button