Коом
Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата парад өтөт
1-ноябрда Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине байланыштуу парад, кечинде майрамдык концерт болот.
Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлөт жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин «Ыр Кесе» музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болушат. Концерт саат 18.00 дө башталат.
Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын меймандары, 1-ноябрда борбор калаанын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет, түшүнүү менен мамиле жасап, жол жүрүүнүн ыңгайлуу жолдорун алдын ала тандап алууну суранабыз.