Коом
Кара-Жантак айылынын жашоочуларына кыргыз паспорту берилди
Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аталган айыл чек ара тактоо иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Фергана облусунун курамынан Баткен облусунун Кадамжай шаарына кошулган.
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, айылдын 246 жашоочусуна кыргыз жарандыгын тастыктаган паспортторду тапшырган.
Бүгүн Кара-Жантак айылын Кыргызстан менен байланыштырган жолдун да ачылышы болду. Узундугу 2,3 чакырым болгон жол 28 миллион сомго курулган. Ал аталган айылды Кадамжай шаары менен байланыштырат.