Коом

Камчыбек Ташиев 3 эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө батир берди

Бүгүн, 31-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн 2 үй бүлөдөгү 3 эмдерден кабар алды.

Алгач Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаеванын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.

Үй-бүлөнүн турмуш шартын мындан ары да көзөмөлдөп турарын белгиледи. Үч эмге Таңсулуу, Күнсулуу, Нурсулуу деген ысымдар ыйгарылган, абалдары жакшы.

Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй-бүлөсүнө барды. Бул наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2 уул бир кыздуу болгон жаш үй бүлөгө да ажонун атынан 500 миң сом акчалай белек ыйгарып, аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кылаарын убадалады. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.

Эки үй бүлө тең президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button