Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-ноябрда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Ал эми Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келери айтылды.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландалган. Ошондой эле алар 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Түркиянын жана Венгриянын стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.