Коом
Эми балдар мектепке 6 жаштан баштап барат
Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясына кол коюлду.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Концепция билим берүү системасын жаңылоого жана заманбап талаптарга ылайыкташтырууга багытталган.
Документтеги урунттуу учурлар:
балдар 6 жаштан баштап мектепке кабыл алынып, нөлүнчүлөр биринчи класс катары эсептелет. Бул өзгөрүү менен мектепти бүткөндөрдүн жаш курагы азыркыдай эле калат;
12 жылдык билим берүү бир нече жыл ичинде этап-этабы менен киргизилет;
бир окуучу — бир секирик. Бардык окуучу бир эле жолу секирик жасайт. Кыргызстан 11 жылдык окутууга өткөндө дал ушундай кылган. Эми 12 жылдык билим берүүдө дагы ошол ыкма колдонулат;
12 жылдык билим берүү жөнүндө аттестат 2027-2028-окуу жылынан тарта бериле баштайт;
2019-жылкы балдар 12 жылдык окууну секирик жасабастан 2036-2037-окуу жылында бүтөт.