Коом

Бишкекте студенттер 5–6-ноябрда аралыктан окушат

Бишкекте студенттер 5–6-ноябрда аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.
Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен 5-ноябрда Кыргызстанга келет. Алар 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат. Ага Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары дагы келери күтүлүүдө.
Мындан улам борбор калаада 5-6-ноябрь күндөрү бала бакчалар иштебей турганы кабарланган. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул күндөрү аралыктан иштейт.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.
Эскерте кетсек, мектептер 4-ноябрдан тарта каникулга чыгышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button