Коом

Акылбек Жапаров мектептердеги сабак берүүнүн сапатын начар деп баалады

“Мектеп ар бир баланы ириде дайыма маалыматты чогултуп аны критикалык ой-жүгүртүү менен иштеп чыгып, анализдеп анан жаңы билимге ээ болгонду үйрөтүшү керек. Азыркы күндө эң маанилүү тапшырма мугалимдикти ойготуу, кайрадан аларга шык берүү. Бул үчүн биз күчүбүздү жана каражатыбызды аябайбыз. Мектеп бул туруктуу жумуш деген жалкоолор жана артта калгандар үчүн эмес деп ачык айтышым керек. Биз мындайлардан кескин түрдө арылабыз”, — деди Жапаров.

Жапаров учурда билим берүү системасы заман талабына жараша өзгөрүп, окуу куралдары жаңыланып жатканын белгилеп, мектептердеги сабак берүүнүн сапатын “өтө начар” деп баалады. Өкмөт башчы учурда Кыргызстанда билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Министрлер кабинети 30-октябрда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча концепцияны бекиткен. Ага ылайык, мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. Балдар мектепке 6 жаштан тартып бара баштайт, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Концепция боюнча 12 жылдык билим берүү жаңы эрежелерге мугалимдерди даярдоо, окуу стандарттарын жана программаларын түзүү, ыңгайлаштыруу, мектептердин инфраструктурасын жаңылоо болуп отуруп бир нече жылдын ичинде толук ишке ашат. 2025-жылга чейин билим берүү стандарттары, программалар жаңыланат, мугалимдер окуудан өтөт.

12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет. Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button