Коом
Зардалыга барчу жол кеңейтилип, оңдолууда
Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа-Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат.
Унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы