Коом

Анемия белгилерин аныктоо үчүн акысыз текшерүүдөн өтүүгө болот

Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында балдар камсыздандырылгандыктан анемия белгилерин аныктоо үчүн акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады (ММКФ).
Ага ылайык, териси кубарып, тамакка табиттин жоголушу сыяктуу алгачкы симптомдордо ата-энелер катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, балдарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрө алат.

«Бардык көрсөтүлгөн кызматтар, анын ичинде консультациялар, лабораториялык изилдөөлөр акысыз жүргүзүлөт. Эгерде темир жетишсиздиги ырасталса дарыгер электрондук рецепт жазат. Ата-энелер бул дарыларды ММК фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

ММКФ ата-энелерди мүмкүнчүлүктөн пайдаланып скринингден өтүүгө үндөйт. Анткени темир жетишсиздигин өз убагында аныктоо жана дарылоо баланын дени сак өнүгүшүнө жардам берет.
Суроолор болсо күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна чалууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button