Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоганды I даражадагы Манас ордени менен сыйлады.
Жапаров Эрдогандын эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын чыңдоого кошкон олуттуу салымын баса белгилеген.
«Кымбаттуу бир тууганым, эки элдин биримдигин жана түбөлүк достугун, стратегиялык кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымыңыз үчүн Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болгон I даражадагы Манас орденин бүткүл кыргыз элинин атынан Сизге тапшырып коюуну уруксат этиңиз. Бул сыйлыкты Сизге тапшыруу мен үчүн өзгөчө сыймык», — деди Жапаров.
Ал Эрдоганга бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ал эми мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.