Коом

МИК жарандарды шылуундардан сактанууга чакырат

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды ипотека алуу үчүн арыз толтурууга жардам сунуштап, кезекке коюп берем деп акча алган шылуундардан сак болууга чакырды.

Мекемеден маалымдашкандай, сайтка кирип өтүнмө берүү электрондук түрдө жүргүзүлөт жана кезекке туруу автоматташтырылган.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине келсеңиздер адистер кеп-кеңеш, жардам беришет жана сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп аласыз», — деп белгилешти компаниядан.

Ошондой эле МИК акча сураган же талап кылган шылуундарга карата кылмыш жана укук коргоо органдары чара көрөрүн кошумчалады.

Кайрылуу үчүн жарандар МИКтин Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти 1 дарегине кайрылса,
WhatsApp +996 553 988 901, Тел.: 0312 56 01 160772 98 89 010552 98 89 01 номерлерине байланышса болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button