Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.
“Ынтымак Ордосунун” кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгрия премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.
Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.