Өзбекстандын «Олма» супермаркеттер тармагы кыргыз балын жана суусун сатууга кызыкдар
Кыргызстандын Экономика министрлигине караштуу соода өкүлчүлүгү «Olma» супермаркеттер тармагынын өкүлдөрү менен Өзбекстандын рыногунда кыргыз продукциясынын ассортиментин кеңейтүү маселесин талкуулоо үчүн бизнес жолугушуу уюштурду.
Сунушталган продукциялардын арасында табигый бал, мисте, ошондой эле кыргызстандык Belaya Reka, Crystal жана Alayku Organics бренддеринин продукциялары бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө дегустация жана кароо үчүн үлгүлөр сунушталды. «Olma» супермаркеттер тармагы продуктыларга кызыгуусун билдирип, тез бузулуучу товарлардын жарактуулук мөөнөтү жана баалары боюнча кеңири маалыматтарды сурады. Тармактын өкүлдөрү ошондой эле кыргыз балын жана ичүүчү сууну сатып алууга даяр экендиктерин билдиришти. Сүт азыктарын жеткирүү үчүн сактоо мөөнөтү жана аны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү боюнча кошумча изилдөөлөр талап кылынат.
Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков сүйлөшүүлөр конструктивдүү болгонун, бул узак мөөнөттүү кызматташууга жана өзбек рыногунда кыргыз продукциясынын катышуусун бекемдөөгө перспективаларды ачып жатканын белгиледи.
«Биздин продукциялар жогорку сапатта жана табигый, биз кыргызстандык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканыбызга кубанычтабыз», — деп белгиледи Темирбеков.