Коом

Бишкекте “Баңгизаттар жана укуктук кесепеттер” темасында тренинг өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМ БМЖКККнын демилгеси боюнча ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2024-жылдын 11-ноябрында Бишкекте баңгизаттардын маселелерине жана алардын укуктук кесепеттерине арналган адистештирилген тренинг уюштурулду. Иш-чарага 30дан ашык катышуучу, ар кайсы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Тренингди ИИМдин КБНБ башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Марсель Дооталиев жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин башчысы Константин Бедарев ачты.

Тренингдин спикерлери ИИМдин БМЖКККнын өкүлдөрү, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Улуттук консультанты Шамшыбек Мамыров, Кыргызстан Эл аралык Университетинин бакалавриат жогорку мектебинин деканы Айбек Ахматов, КР ССМ РПДБнын наркология жана психиатрия бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагынбаева болушту.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар баңгиликке берилүүнүн актуалдуу проблемалары, алдын алуунун колдонуудагы ыкмалары, ошондой эле Кыргызстанда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам демилгелери менен таанышышты.

Негизги басым баңгизаттарга байланыштуу мыйзамдарды бузуу менен келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук кесепеттерге, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, бөлүштүрүү жана колдонуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине көңүл бурулду.

Тренингдин спикерлери баңгиликти алдын алуу жаатындагы практикалык сунуштары менен бөлүшүштү. Баңгизатка көз карандылыкка туш болгон адамдарды реабилитациялоо маселелерине, ошондой эле баңгиликтин алгачкы этаптарында алдын алуу зарылдыгы жөнүндө коомдук пикирди калыптандыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Тренинг студенттер арасында мыйзамдуулук жана маалымдуулук маданиятын жайылтууда, ошондой эле Кыргызстанда баңгиликке каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандырууда маанилүү кадам болуп калды.

Тренингдин аягында бардык катышуучуларга тиешелүү сертификаттар берилди, ал эми эң активдүү катышуучуларга ИИМдин БМЖКККнын белектери тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button