КоомКылмыш-кырсык

Кошунасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда 73 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип кошунасы кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, 24-октябрда баштан-аяк электр зымы менен таңылган А.Д. аттуу кишинин сөөгү Бер-Булак айылындагы үйдөн табылган. Факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында маркумдун 28 жаштагы Ш.А. аттуу кошунасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«А.Д. октябрь айынын башында үйүн 60 миң долларга сатып, акчасын 28 жаштагы Ш.А. аттуу ишенген кошунасына «сактап тур» деп берген. Бирок коңшусу каражаттын баарын коротуп салгандыктан аны өлтүрүүнү чечкен», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айыпталып, №1 тергөө абагына киргизилди

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button