ИИМ: Мамлекеттик менчиктеги жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп бергендер кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1,20 гектар жер тилкесин мамлекеттик менчиктен чыгарган фактыны аныкташты. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкеси пландоо долбооруна ылайык социалдык имараттарды курууга арналган. Бул жерде автобекеттин имараты жайгашкан.
Бирок, 2004-жылдан кийин бир нече жыл аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн айрым жооптуу кызматкерлери Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жогоруда көрсөтүлгөн 1,20 гектар жер тилкесин мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып кеткендери аныкталган.
Ошону менен автобекеттин эки кабаттуу имараты мыйзамсыз жеке менчикке өтүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги маалым болгон.
Жыйынтыгында чогулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 12-ноябрында ИИМдин кызматкерлери Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилерин жана Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы кызматкерлерин кармашкан.
Жалпысынан беш жаран кармалып, алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча айып коюлган.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.