КоомКылмыш-кырсык

Ирина Карамушкина добуш сатып алуу иши боюнча кармалды

Милиция Карамушкина менен Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча кармалганын билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Социал-демократтардын” Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер аттуу партиянын тарапташынын кармалышы боюнча комментарий берди.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 13-ноябрда Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат.

Мекеме Роза Турксевер Ирина Карамушкина менен макулдашып, ар бир добуш үчүн 1000 сомдон берүү шарты менен шайлоочулардын добушун сатып алууну уюштурганы аныкталганын билдирүүдө.

Кылмыш ишин козгоого негиз болгон социалдык тармактарга тараган аудиодо шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сөз болуп жатканы угулат. Анда Данияр Чолпонбаев аттуу адам “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер экени жазылган. Аудио жазуу качан, кайда жаздырылганы жана аны ким жарыялаганы белгисиз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button