Кылмыш-кырсык

УКМК: «Айкөл» конушундагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында баасы 111 млн. сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун «Айкөл» конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 га жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталды.
Белгилей кетсек, 2008-жылдан 2024-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир катар кайра каттоо жол-жоболорунан өтүп, акыркы жолу «К.Н.А.» аттуу жаранга кайра каттоо жүргүзүлгөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button