КоомСаясат

Камчыбек Ташиев шайлоо таза өтөрүн билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтөт деп ишендирүүдө. УКМК төрагасы бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«17-ноябрда өтө турган шайлоону таза өткөрүү үчүн колубуздан келгенин кылдык мамлекет тарабынан. Шайлоого катышуу үчүн бараткан партиялар, талапкерлер текшерилди. Арасынан 30дай талапкерди алдырдык, анткени алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгону аныкталган. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ бир чоң партиянын штабынан, талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды. Шайлоо болуп жаткан күнү да ушундай болот. Укук коргоо органдары бардык шайлоо участокторунда, көчөлөрдө да иштешет».

Камчыбек Тащиев сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого аралашууга укугу жоктугун эскертти. Ал мурдагы бийлик ээлерин шайлоолорду түрдүү мыйзам бузуулар менен өткөнүнө унчукпай, көз жумуп келген деп айыптап, мындан ары андай болбосун, парламенттик, президенттик шайлоолор да ушундай таза өтөрүн айтты.

Эске салсак, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button