Коом

Жалал-Абад шаарында студенттерге профилактикалык иштер өткүрүлүүдө

Бүгүн, 14-ноябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Интернет аркылуу жаштардын радикалдашуусу жана тыюу салынган агымдарга тартуу» аталышында Дин комиссиясынын, КР Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер башкармалыгынын жана Жалал-Абад казыятынын өкүлдөрү катышып, студенттерге баяндамалар жасалды.

Иш-чарада интернеттеги радикализм жана экстремизмдин коркунучтуу чакырыктарынан оолак болууга үндөп, баяндамачылар тарабынан Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдар (Хизбут-Тахрир, Аль-Каида, Чыгыш Туркстан кыймылы ж.б.) тууралуу жана ошондой эле мамлекетке баш ийбөө, халифат куруу, жихадка чакыруу, мындан сырткары экстремисттик, террористтик мүнөздөгү маалыматтарды ар кандай сайттар аркылуу таратууда мыйзам алдында жоопкерчиликтери айтылды.
Ошондой эле экстремисттик аракеттерге, алардын кылтагына жаштардын илинип калбоосу үчүн жана тастыкталган маалыматтарды пропагандалык материалдардан айырмалоо зарылдыгы боюнча студенттерге практикалык сунуштар берилип, суроо-жооптор менен коштолуп, ой-пикирлер айтылды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button