УКМК: Нарын ооруканасынын жетекчилиги тарабынан мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген
УКМК тарабынан саламаттык сактоо системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан тиешелүү иш — чаралардын жүрүшүндө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Нарын облустук бириккен ооруканасынын жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жеке ишканадан финансылык сый акы алуу фактылары аныкталып, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Тактап айтканда, 2023-жылдын декабрь жана 2024-жылдын июль айларында аталган оорукананын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери «Мээримдүүлүк жана камкордук» (Кыргызстан майыптар коомуна кирет) коомдук бирикмесинин уюштуруучусу менен кылмыштуу макулдашууга кирип, белгилүү бир акчалай сый акыларга «бир булактан» ыкмасы менен ар кандай товарларды (металл торлор, медициналык халаттар, пардалар, плед, матрацтар, жаздыктар, жабуулар, жууркандар ж.б.) жалпы суммасы 8 млн. 85 миң сомго алдын ала көтөрүлгөн баалар менен сатып алышканы аныкталган.
КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгы боюнча сатып алынган товарлардын орточо базар баасы 2,5 млн.сомго жакынды түзгөндүгү жана алардын реалдуу наркын жогорулатуу 300% дан ашкандыгы такталды.
Белгилей кетсек, «Мээримдүүлүк жана камкордук» КБ тарабынан товарларга атайылап коюлган жогорулатылган баалар Бишкек шаарынын монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилиги тарабынан бекитилген.
Мындан тышкары «Мээримдүүлүк жана камкордук» коомдук бирикмесинин жетекчиси З.Э түзүлгөн келишим үчүн акчалай сыйлык катары Нарын облустук бириккен ооруканасынын башкы эсепчиси У.Ч.нын банктык картасына 500 миң сом которгон.
Ошентип мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5,5 миллион сомго жакынды түзүп, ал толугу менен төлөнүп берилди.
Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, жогоруда аталган оорукананын жетекчилигинин жана жооптуу кызмат адамдарынын башка коррупциялык көрүнүштөргө катыштыгын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чаралар улантылууда.