КоомСаясат

«Социал-Демократтар» партиясы шайлоодон четтетилди

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында “Социал-Демократтар» партиясынын маселеси каралып, партияны Бишкек шаардык шайлоосунан четтетүү чечимин кабыл алды. Жыйында партияны четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болду.

“Социал-Демократтар” партиясы боюнча маселени кароого Бишкек шаардык милициясынын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш иши негиз болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген.

13-ноябрдын кечинде социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Кадыр Атамбаев Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкенин билдирген. Атасы кийинчерээк бошотулган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button