Коом

Кыргызстанда 11 миңге жакын дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча 14-ноябрга карата 10 миң 609 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыялоонун жалпы көлөмү 4 млрд 214 млн 630 миң сомду түздү.

Ошентип, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 468 млн 140 миң сомго 1 413 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» ААК – 227 млн 410 миң сомго 700 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК – 240 млн 730 миң сомго 713 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 746 млн 489 миң сомго 9 196 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» ААК – 1 млрд 802 млн 899 миң сомго 4 487 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК – 1 млрд 943 млн 590 миң сомго 4 709 насыя.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button